Акын жана публицист Олжобай Шакирдин архивидк сүрөтү

Олжобай Шакир: мени коркуткандарга күч түзүмдөрү чара көрүшү керек

122
(жаңыланган 12:03 25.07.2017)
Акын жана публицист Олжобай Шакир учурда интернет колдонуучулар тарабынан коркутуулар болуп жатканын айтты.
Олжобай Шакир: мени коркуткандарга күч түзүмдөрү чара көрүшү керек

Интернеттеги коркутууларга күч түзүмдөрү чара көрүшү керек. Бул тууралуу акын жана публицист Олжобай Шакир Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, акын интернетке азандын добушу катуу чыгып жаткандыгы тууралуу пикирин жазган. Андан кийин айрым интернет колдонуучулар анын билдирүүсүнө каршы чыгып, өмүрүнө коркунуч келтирген билдирүүлөрдү жазышкан.

"Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, күч түзүмдөрүнө http://ruhesh.kg сайты аркылуу кайрылуу жасадым. Күч түзүмдөрү сөзсүз эле менин арызымды күтпөй, өз ишин кылышы керек. Азырынча мен алардын босогосун аттап, арыз жазайын деген оюм. Бирок алар чара көрүшү зарыл", — деди "РухЭш" сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир.

Ал акыркы убактарда мечиттер көбөйүп, андагы айтылган азандар жарандардын уйкусун бузуп жатат деген пикирин кошумчалады.

122
Белгилер:
Олжобай Шакир, коркунучтар, өмүр
Тема боюнча
Азият Жекшеев: мени коркуткан адамдар көп эле болот, бирок жакшы "кароолчум" бар
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

31
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жол эрежесин бузгандарга жаңы кодекстерге ылайык кандай жоопкерчиликтер каралганын айтып берди.

1-декабрдан тарта иштей баштаган кодекстерге ылайык жол эрежесин бузгандарга 1000 сомдон 20 миң сомго чейин айып каралган. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу жана административдик камоо дагы киргизилди. Бул тууралуу Тилек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

Анын айтымында, кодекстерге ылайык ЖКККББнын кызматкерлери окутулууда.

"Жол эрежесин бузуудан улам көптөгөн кырсыктар болуп жатат. Ошондуктан аны сактоо эң негизги талап. Муну тескеген бир катар мыйзамдар бар. Анын ичинен укук бузуулар боюнча жаңыланган кодекси 1-декабрдан тарта иштеп баштады. Анда жол эрежесин бузган, айдоочулук милдетине кайдыгер караган жарандар үчүн тийиштүү чаралар камтылган. Бул мыйзам иштелип чыгып коомчулукка жарыялангандан баштап өздүк курамды окутуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Укук бузуулар кодексинде жол кырсыктарынын келип чыгышына себепкер болгон учурларды эске алуу менен ар кандай айыптар, административдик камоо жана 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу камтылган. Маселен, айыптардын көлөмү жол эрежесин бузуунун олуттуулугуна жараша 1000 сомдон 20 миң сомго чейин жетет. Мурда мас абалда автоунааны башкаргандарга 17 миң сом каралса, жаңы кодекстерде айыптан тышкары 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу, 3-5 сутка административдик камоо жоопкерчилиги каралган. Бул сот органдары тарабынан аныкталат. Айдоочу жол эрежесин бир нече ирет бузса, ошого жараша айыптардын көлөмү аныкталат. Мындан тышкары, жаран алкоголдук ичимдик ичкен башка жаранга унаасын берсе, айдоочуга, унаанын ээсине өзүнчө чара көрүлөт. Буга утурлай эле мерчемделген ылдамдыктан 20-40-60 чакырымга чейин ашырганына жараша көлөмү 1000 сомдон 7500 сомго чейинки айып чегерилет", — деди Исаев.

Ошондой эле ал айдоочу 10 жолу эреже бузганы аныкталса автоунаасы айып аянтчага коюла турганын кошумчалады.

31
Белгилер:
жол эрежеси, айдоочу, кодекс
Тема боюнча
Капотко чап жармашкан, сүйрөлгөн, жөөлөнгөн милиционерлер. Видео топтом
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

12
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев кантип манасчы болуп калганын баяндады.

Ушул өнөрдүн бардык эле ээси сыяктуу мен дагы 12 жашымда аян түш көргөм. Жаштыкка салып анча маани бербей жүрө бергем. Бирок түшүмө кайра-кайра баатырлар, Саякбай Каралаев кирип "манас айт" деп туруп алышты. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

Анын айтымында, манасчы алгачкы жолу эл алдында 1986-жылы республикалык "Эл чыгармачылыгы" деген фестивалда манас айтып, биринчиликти багындырган.

"Орусча окуган ошол замандагы катардагы эле тестиер бала болчумун. Кой жайып жүрүп бир күнү аян түш көрдүм. Ошондон кийин эле "манас айт" деген аян түштөр жанымды койбой көп кире баштады. Этибар албай жүрүп 6-классымда окуп жатканда үч жыл катары менен оорудум. Жайкы каникулда балдар эс алууга кетсе мен ооруканада өткөрчүмүн. Бөйрөгүм ооруп, бел талыйт, дарыгерлер текшере келсе эле таза чыгат. Ушинтип кыйналып жүргөнүмдө башкы дарыгер мени "барып манасыңды айт, ошондо айыгасың, сен ооруган жоксуң" деп ооруканадан чыгарып койду. Ушул кишинин бул аракети мага таасир берди десем болот. Көрсө ал жөн гана хирург эмес, белгилүү манасчы Алмабек Тойчубековдун небереси экен. Өзү да өнөр ээси экен, бирок коммунист болгондуктан элге чыгып айтуудан тартынчу тура. Анан 1989-жылы Баку шаарында бүткүл союздук дастанчылардын фестивалы болду. Ал жакка мен манас айтып бардым. Фестивалда кыргыздын манасын алгач уккан адамдар да отурган экен. Ал жерден Абай Кунанбаевдин небереси Алма Кунанбаева деген этномузыка таануучу окумуштуу эже эпостон үзүндү айтып бүтүп чыга береримде, айланып-тегеренип, келип кучактап бетимден өөп, оозума түкүргөн. Кезегинде анын бул ырымын түшүнбөптүрмүн. Бирок мына ушул нерселер мага манасты таштабай алып кетүүмө чоң түрткү берген", — деди Бакчиев.

Ал бүткүл союздук фестивалда манасты ошол кездеги Азербайжан ССРинин маданият министри Полад Бүлбүл оглу да жылуу кабыл алганын кошумчалады.

12
Белгилер:
Талантаалы Бакчиев, Манас, эпос, аян
Тема боюнча
Ок жааган Кабулда манас айткан Уркаш Мамбеталиев. 31 жыл мурунку видео

Жомокчу Бегайым Жайчиева: аял турмушта башкача жашап өтүшү керек экен...

0
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын белгилейт. Ал 30 жылга чукул убакыттан бери Кыргыз радиосунан жомок окуп, бир муунду тарбиялаган чоң энеге айланды.

Радиодо бир кишинин театрын негиздегенге тете эмгек жасаган жомокчу Бегайым Жайчиеваны Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы мейманга чакырып, ал кишинин радио менен эриш-аркак өткөн өмүрү, иши тууралуу маектешкен.

— Биз бала кезден эле сиздин жомокторуңузду окуп чоңойдук. Негизи бул дүйнөгө кантип аралашып калдыңыз?

— Өзүм Сокулуктун Асылбаш айылынан болом. Мектепке алты жашымдан баргам. 4-класска чейинки эски мектепке барып окучубуз. Ал эми 5-класстан баштап 1929-жылы салынган жаңы мектепте окудук. 1-класска кирген кезимде кичирээк бөлмөгө баш баксам, жерде көп китептер жатыптыр. Көрсө китепкана экен. Бат эле бир айга жетпей тамга таанып, шар окуп кеткем. Анан окуй аларыма мактангым келген го, карасам жыйылган китептердин үстүндө "Үч аюу" деген жомок китеп жатат. Дароо алдым да үйгө келип, эки-үч күндө эле бүтүп койдум. Ошентип китеп окумайынча тура албай калдым. Быйыл мына 75 жашка чыктым. Жетимиш жылдан бери китеп окубаган бир да күнүм болбойт. Кыргыз китептерин гана эмес дүйнөлүк адабиятты, түшүнүүгө оор болгон китептерди да жакшы көрүп окудум. Апам айылда эстүү-баштуу, китепти көп окуган аял болчу. Кийин экөөбүз бири-бирибизден китеп талашып окуп калдык. Айылдагылардын бири "китеп берем" деп койсо, сыртта бороон-чапкын болуп жатса да ээрчип кетчүмүн. Аны түн ичинде чырак өчкөнчө окучумун. Ошентип жүрүп эле жомокту жанымдай көрүп калдым. Менин сүйүктүү китебим "Том Сойердин жоруктары" деген китеп болчу. Ушул кезге чейин эч унутпайм.

Анан үйдө кичинекей радио илинип турчу. Анда театрлаштырылган спектаклдерди берчү. Анан "бул үндөр каяктан чыгып жатат" деп эле таң калып артын карай берер элем.

Ошону менен мектепте эсепке такыр көңүл бурган жокмун. Математиканы балдардан көчүрүп алчумун. Бирок башка сабактардан жакшы окуп, чоң класстардын дилбаянын да жазып берчүмүн. Ошентип жүрүп эле адабиятка кирип кеттим. Кичинемде журналист же жазуучу болом деп ойлогом.

— Радиого кантип келип калдыңыз?

— Радиого 1968-жылы келдим. Мен эмгек жолумду негизи телевидениеден баштагам. Ал убакта жаш кыздар диктор, акын, жазуучу же актриса болууну кыялданчу элек. Курч кезибиз экен. Тимеле колубуздан баары келчүдөй дымагыбыз күч, бийиктикти гана көксөп турчубуз. Ошол аралыкта эле радиодогу балдар үчүн уктурууларга катыша коюп жүрдүк. Эфирге кыпчылып, эптеп бир сөз айтып койсок эле жыргап калчубуз.

1997-жылы Кыргыз радиосуна Байма Сутенова директор болуп калды. Күнүнө саат беш-алтыларда 20 мүнөттүк жомок берип, аны 10-15 киши окучубуз. Ар бир каарманды бирден киши окуп, алардын баарына убакыт да кетип, каражат да төлөнчү. 1997-жылдын ноябрь айында бир күнү эле мени Байма Сутенова чакырып жатат дегенден барсам, "эже, жомокту жалгыз эле өзүңүз окуп көрбөйсүзбү?" деди. Мен алгач "андай болбойт го" деп тартынчыктаганым менен макул болдум. Анан "Кыргыз эл жомогу" китебин алып келип радиодо режиссёр менен отуруп, окуп көрсөм такыр окшошпой койду. Анан бир жума үйдөн бассам-турсам да кандай кылууга болот, кантип иштесем деп абдан ойлондум. Ошентип идея жаралды. Анан режиссёрго келип "Ай, мурунку жарабайт, кайра окуйм, башкача ыкма таптым" деп кайрадан ар бир жаныбардын үнүн туурап окуп туруп, кетирип жибердик. Күнүнө саат 19:50дөн 20:50гө чейин жомок окулуп баштады. Анан жуманын аягы коллективдин чоң залында жыйын өтүп, ар бир берүү талкууланчу. "Мен-мен" деген баяндамачы журналисттер, жетекчилер отурчу. Ар бир берүүнү жиликтеп талкуулап, жаман чыгып калса талкалап салышчу. Жыйынга акырын барып коркуп отурсам, Айылчиев деген агай "бул бир кишинин театры болду" деп аябай мактаганда сүйүнгөнүмдү айтпа. Ошондон кийин жомок менен бирге жашап калдым. Жомокту балдарымдан кийин, балким, балдарымдай эле жакшы көрсөм керек. Эл да жакшы кабыл алды, 23 жыл радионун эфиринен түшпөй келе жаткан жалгыз программа болду. Эч ким тийишип, каршы да болгон жок. Ушу аралыкта жомокту эфирден алдырып салган бир гана кишиге таң калдым.

— Ким алдырып салды эле?

— Бир жылдары бизге Асел Мамбетова деген жетекчи кыз келди. Ал чакырып жатат дегенинен барсам, өзү орус тилдүү кыз экен. Мурда "Ала-Тоо" программасында кабарчы болуп жүргөнүн экрандан көрүп калчумун. Анан ал мага орусча: "Азыр жомокту ким угат? Силер артта калган турбайсыңарбы", — деди. "Эл угат, азыр беш миллион кишинин эки миллиону угат" десем болбой, "жок, эч ким укпайт" деп программадан алдыртып салды. Баарыбыз эле бир кызык болуп калдык. Ал кыз болсо өз бийлигин жүргүзүп баштады. Көпкө барбай эле бийлик алмашып, анан ал да кызматтан ыргып кетти го.

Мен ушул күнгө чейин Байма Жапаровнанын эмгегине ыраазымын. Жомок аркылуу элге таанылдым. Жолугуп калганда көп адамдар: "Ии, радиодо күндө кечинде жомок окуган сизсизби?" — деп сурап калышат. Той-топурда да "жомокчу апа" деп эл алдына чакырып, жакшы сөздөрүн арнап калышат.

— Ушунча жыл окуган жомокторуңузду кайдан тапчу элеңиз?

— Дүйнө жүзүндөгү жомоктордун баарын калтырбай окудум окшойт. Кыргызстандын шаарларында мен кыдырбаган китепкана калган жок. Анда да китеп азыраак болчу. Жомоктун тарбиялык мааниси зор, балдар ишенет. Кичине баланын дили аппак да, жомокту угуп андагы каармандарга арбалып "баатыр бала, сулуу кыз болом" дешет. Китептин эң жакшысы — бул сөз байлыкты арттырат. Дүйнө жүзүндөгү жомоктордун баары — баатыр жеңип, душман жеңилген жакшылык менен бүтөт. Убагында мага Оштон, Нарындан, Көлдөн, Таластан бир топ апалар өзү жазып, балдары чыгартып берген жомок китептерин берип жиберген учурлары болгон. Айрымдар билген илгерки жомогун жазып жиберсе, кээ бирлер жомок чогултуп кат менен жөнөтчү. Ошол себептен Мамбетовага "эл жомок угат" деп айткам да. Ошентип жомоктор кийин өзүнөн-өзү жыйылды. Кол жазмаларды "Жайчиевага" деп КТРКнын кароолуна таштап кетишчү. Мен буга абдан таң калгам.

Негизи балдарга жатарда сөзсүз жомок окуп берүү керек. Телефонду карматып койгон болбойт. Жомок сенин тирүү үнүң. Ал тарбия. Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев көптөгөн жомокторду жазат.

— Бала чагыңыз, ата-энеңиз тууралуу да сурагым келип турат...

— Атам 19 жашында курстан окуп, Асылбаштан Жалал-Абадга барып мугалим болуп иштептир. Ошол жерден согушка кетет. Төрт жылдан кийин кан майдандан бутунан жарадар болуп келип, айылда кырк жылга жакын башкарма болгон. Эң биринчилерден болуп мага чатыраш пальто, портфель сатып берген. Анда колго тигилген китеп кап көтөрчүбүз да. Айылдагылардын баары келип, менин буюмдарымды көргөн эле. Ушинтип эркелеп чоңойгом. Апам билими жок болгону менен китепти көп окуган. Атамды биздин өрөөндөгүлөр Жайчы деп дагы деле таанышат. Кыйын киши болчу.

— Турсун Уралиев агай менен кандайча таанышып калгансыз?

— Амбициябыз асманды чапчып турган кез. Баарыбыз артист, алып баруучу болууну самап турганда атайын студия ачылганын угуп бардык. Анда Абдырашит Көбөгөнов тандоо жүргүзүп жатыптыр. Дүйшөн Байдөбөтов, Турганбү Бообекова, Абас Чикеев өңдүү азыркы белгилүүлөрдүн баары шагырап барышкан. Мен базарга барып жашылча сатканды этюд кылып көрсөтүп, өтүп кеттим. Эртеси күнү Кыргыз радиосунан Турсун Уралиев, Касымжан Төлөбаев деген агайлар келди. Төлөбаев улгайган адам экен. Ал эми Турсун Уралиевдин жаш, өзү да жакшынакай кези экен. Шайыр жигит менен таанышып сүйлөшүп отургандан кийин бизге комуз менен укмуш ырдап берди. Отурган кыздардын баары ага ашык болуп калган. Алардын катарында мен да бармын (күлүп). Ошентип университеттен кийин радиодо иштеп жүрдүм. Ал киши да мени жактырган көрүнөт, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Менин ата-энем ага турмушка чыгуума караманча каршы болушту. Жашы да менден улуу болчу. Бирок эч кимди укпай, акыры барып баш коштук. Бирок бир гана жакшы көрүү менен иш бүтүп калбайт экен. Ал киши жакшы ырдап, сүйлөп, шайыр болгону менен турмушка такыр даяр эмес болуп чыкты. Үйдүн керек-жарагы менен иши жок, мамлекеттин ишине берилген адамга баш коштум. Ал киши убактысын, күчүн бүт радиого арнады. Ошентип үйдүн да, балдардын да түйшүгүн жалгыз тартып калдым. Алгач "аял ушундай болот экен" деп баарына чыдаптырмын. Көрсө турмушта аял башкача жашап өтүшү керек экен, аял киши да өзүн бир аз аяп, баалашы керек экен. Үйүбүз жок, орустардыкында батирлеп көп кыйынчылык тарттык. Көмүр, тамак-аш жагынан ата-энем абдан каралашты. Абышкам өзү жетим өсүп, менде кайын журт деле болгон жок.

Ал убакта берүүлөр тасмага тартылчу. Улам тасмага даярдап, аны эфирге кетирип, кайра экинчисин даярдап, күндөп-түндөп эле иште жүрүп калчу. Жаш кезимде чыдабай апама ыйлаган да күндөрүм болду. Анан апам "бизде кыз бала кайра кайтып келбейт. Сени "барба" дегенбиз, өзүң болбой кеткенсиң. Эми чыда. Эки баланы кимге жалдыратасың, биз жардам беребиз. Аял киши кыйынчылыкты чыдап жүрүп жеңет" деди. Айткандай эле баарына чыдадым, анан кийин-кийин кайтарымы болду. Балдар чоңойду.

— Негизи азыр коомдо ача пикир айтылып жатпайбы. Бири турмушка чыдоо керек десе, айрымдары аял киши алгач өзүн ойлошу керек дейт. Сиз үй-бүлөңүздүн түйшүгүн толук, аягына чейин көтөрүп кеткениңизге өкүнгөн жоксузбу? Аялдардын "ден соолугумду аябапмын, көрсө "намыс" деп жүрө бериптирмин" деп өкүнгөндөрүн көп угуп калабыз...

— Жок, мен "турмушка чыдоо керек" дегенге кошулам. Негизи жашоодо, кайсы улут, кайсы жер, кандай шарт болбосун аялдар көбүрөөк түйшүк тартат, тартып келген. Үй-бүлөнү сактап калуунун кайтарымы болот. Аны сен көрбөсөң да балдарыңа тиет. Балдар жетим калбайт, өз атасынын мээримин көрүп өсөт. Баары бир эркек акыры билип, баалайт экен.

— Канча балаңыз бар?

— Үчөө. Ушул эле КТРдин айлыгы менен балдарымды бир эмес эки окуудан окуттук. Чоң киши болушту. Байлык күтүүгө деле кызыккан жокпуз. Ал убакта байлыкты эч ким деле ойлобоптур. Замандын тартыштыгына жараша азыр жаштар да материалдык дүйнөгө басым жасап калышты өңдөнөт. Биздин убакта мамлекетке ишенчүбүз. Анткени туруктуу иш, пенсия, кызматтан көтөрүлүү, камсыздоо бар эле. Азыркы жаштарды аяп кетем. Баарына адам өзү жетиши керек болгон турмушта жашап калдыңар.

0
Белгилер:
Бегайым Жайчиева, жомок, Кыргыз радиосу, балдар, Турсун Уралиев