Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: ЖКда үстөмдүк кылган партия шайлоодо жардам берчү премьерди алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший глава ЦИК Акылбек Сариев
Бывший глава ЦИК Акылбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Акылбек Сариевдин айтымында, парламенттеги үстөмдүк кылып жаткан партия шайлоо учурунда жаңы өкмөт башчынын жардамына муктаж.
Сариев: ЖКда үстөмдүк кылган партия шайлоодо жардам берчү премьерди алып келет

Парламенттеги бир партия шайлоодо жардам бере турган премьер-министрди кызматка алып келет. Бул тууралуу БШКнын мурунку жетекчиси Акылбек Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин КСДП партиясы август айында кезексиз жыйынга чогулары белгилүү болгон. Анда жаңы премьер-министри шайлоо маселеси каралат.

"Азырынча ким премьер-министр болорун так айтуу кыйын. Бирок парламенттеги үстөмдүк кылып жаткан партия президенттик шайлоодо өз максатына жетүү үчүн аларга жардам бере турган адамды алып келет. Анткени алар шайлоодо өкмөт башчынын жардамына муктаж", — деди Сариев.

Серепчи өкмөт башчыны премьердин шайлоосун бир гана партия чечип коерун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0