Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешинде кворум жок төрага шайланбай жатат

© Фото / Айгул АвтандиловаБорбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин архивдик сүрөтү
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү "Ата-Журт" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын депутаттары жыйынга келбей жатканын айтты.
Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешинде кворум жок төрага шайланбай жатат

Жалал-Абад шаардык кеңешинде кворум жок төрага шайланбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Анын айтымында, "Ата-Журт" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын депутаттары жыйынга келбей жатышат.

"Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы мыйзам боюнча шайлоодон кийин 14 күн ичинде өткөн. Бирок сессия ачылып, азыркы күнгө чейин жабыла элек. Анткени күн тартибинде уюштуруу иштери гана киргизилген. Буга кворумдун жоктугу да себеп болууда", — деди Жүндүбаев.

Ал кворумдун жоктугунан улам шаардын мэри да шайланбай жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0