Начальник отдела пищевой и перерабатывающей промышленности Минсельхоза КР Адамбек Ботоев

Ботоев: ЕАЭБдин техникалык регламенти өлкөнүн мыйзамы менен шайкеш келтирилген

18
(жаңыланган 21:32 01.08.2017)
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына 2015-жылы кирген
Ботоев: ЕАЭБдин техникалык регламенти өлкөнүн мыйзамы менен шайкеш келтирилген

ЕАЭБдин техникалык регламенти Кыргызстандын мыйзамы менен шайкеш келтирилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы Адамбек Ботоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 12-августтан тартып Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламентине өтөт.

"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Экономика жана Саламаттык сактоо министрликтери менен биргеликте эки жылдан бери техникалык регламентти актуалдаштыруу боюнча иш алып барып келет. Биримдикке мүчө мамлекеттердин ар бири менен видеоконференцияларды өткөрүп, талдап, баарын шайкеш келтирдик", — деди Ботоев.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына 2015-жылы кирген.

18
Белгилер:
техникалык регламент, Евразиялык экономикалык биримдик, Адамбек Ботоев
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз товар ташуу токтой элек
Кыргызстандын продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбейби? Өкмөттөн жооп
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

27
(жаңыланган 19:04 26.09.2020)
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2015-2020-жылдарга тилди өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражаттар айрым тармактарда колдонулбай турганын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.

"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.

Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.

27
Белгилер:
көйгөй, китеп, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

19
(жаңыланган 18:39 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

19
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп
Город Степанакерт самопровозглашенной Республики Нагорный Карабах.

Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады

0
(жаңыланган 15:53 27.09.2020)
Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жетти. Мындан улам республика президенти аскердик абал жарыялаганын РИА Новости жазды.

Эртең менен Азербайжандын Коргонуу министрлиги алардын аскерлерине жана бир нече айылга Армения тараптан минометтер менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Эки тарап тең бир нече техникаларынан ажыраганын жана аскерлердин жарадар болгонун айтууда.

Көп өтпөй Армения өкмөтү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөгө аскердик абал жарыялагынын билдирди.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

0
Белгилер:
атышуу, чек ара, Жаңжал, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео