Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Капалбаев: кызды ала качып эмес, колдон алуу шарт болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнограф, кандидат исторических наук, доцент Октябрь Капалбаев
Этнограф, кандидат исторических наук, доцент Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этнографтын айтымында, кыз күйөөгө кеткен соң эч качан ата-энеси анын жашоосуна кийлигишкен эмес жана "чыккан кыз чийден тышкары" деген сөздү бекем карманган.
Капалбаев: кызды ала качып эмес, колдон алуу шарт болгон

Кызды ала качып кетүү кыргыз үчүн өөн көрүнүш. Жигит кызды ала качканы анык болсо, бир үй-бүлө эмес, бүтүндөй уруу айып төлөгөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыздар кыз узатуу, калың алып, сеп берүү салтына өзгөчө маани беришкен.

"Мурун кызды ала качып кетсе ал үчүн бир үй-бүлө эмес, бүтүндөй уруу айып төлөгөн. Себеби илгертен кыргызда кыздарды кудалап, аларга эртелеп сөйкө салып коюу деген түшүнүк болгон. Анан да калың кыз алганга чейин алдын ала берилген. Кыздын атасы менен баланын атасы кадимкидей отуруп алып, мал менен соодалашкан. Мисалы, 10 жылкы 100 кой, эгер бай болсо үйүр-үйүр жылкы берген. Калыңга уй берилген эмес, көбүнчө кой жана жылкы менен бычылган. Качан бала тарап калың төлөп бүткөндө гана кыздын ата-энеси кыз узатуу тойго камылга көрүп баштаган. Эгер калыңды беш жылдап, 10 жылдап төлөп бүтпөсө ошого чейин кыз күйөөгө узаган эмес", — деди этнограф.

Ал ошондой эле кыз күйөөгө кеткен соң эч качан ата-энеси анын жашоосуна кийлигишпегенин жана "чыккан кыз чийден тышкары" деген сөздү бекем карманганын кошумчалап кетти.

Кыз узатуудагы жасалбай турган нерселер тууралуу материалды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0