Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамырбаева: баланы 6 айына чейин эмчектин сүтү менен гана багуу зарыл

© Sputnik / Максат ЭлебесовСпециалист по вопросам детского питания Турсун Мамырбаева
Специалист по вопросам детского питания Турсун Мамырбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ар бир эненин сүтү өзү жарыкка алып келген баланын 6 айга чейинки бардык муктаждыгын канааттандыра турганын белгиледи
Мамырбаева: баланы 6 айына чейин эмчектин сүтү менен гана багуу зарыл

Жаңы төрөлгөн баланы 6 айына чейин эмчек сүтү менен гана багуу зарыл. Бул тууралуу туура тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, ушу тапта эмизүүгө арналган дүйнө жумалыгы өтүп жатат. Анын алкагында Кыргызстанда да бир топ иш-чаралар жана акциялар уюштурулган.

"Жарыкка келген ымыркайга дароо эле кошумча тамак берүү — чоң катачылык. 6 айга чейин эмчек ээмп чоңойгон баланын өнүгүүсү да жакшы болот. Ал өзүнө керектүү витамин-минералдардын баарын ушул эмчектин сүтүнөн алат. Элде сүтү коюу же суюк экен деген түшүнүк бар. Бул баланын өрчүшүнө эч кандай таасир бербейт. Анткени эне сүтү баланын түйүлдүк кезинде эле анын организмине ыңгайлашат, демек, ымыркайдын 6 айга чейинки бардык муктаждыгын коюу же суюк экенине карабай эне сүтү канааттандырат", — деди Мамырбаева.

Адис баланы ал каалаган учурда эмизүү керектигин, канчалык көп убакыт эмизсе, ымыркай ошончолук эрте торолорун белгилеп өттү.

Бала эмизүүдөгү катачылыктар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0