Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү

Атабаев: ажылык 7-августтан тарта башталат

59
(жаңыланган 21:33 03.08.2017)
Мусулмандык парзын аткарам деп ниет кылган кыргызстандыктар Меккеге 15 каттам менен учарын муфтияттан белгилешти.

Ажылардын биринчи тобу 7-августта кетет. Алар Мина шаарына түшөр замат ажылыктын алгачкы этаптары башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

"Ажылар Мина шаарынан пайгамбарыбыздын күмбөзүнө үч күн зыярат кылышат. Андан кийин Меккеге жөнөшөт", — деди Атабаев.

Ал ошондой эле зыяратчылардын акыркылары 21-августта Меккеден мекенге кайтып келишерин кошумчалады.

59
Белгилер:
ажылык сапар, Мекке
Тема боюнча
Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"