Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Узакбаев: энелердин көбү азыр деле эмчек сүтүнүн маанисин түшүнбөйт

© Sputnik / Максат ЭлебесовДиректор НЦОМиД Камчыбек Узакбаев
Директор НЦОМиД Камчыбек Узакбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер убакыттын өтүшү менен эмчек сүтүнүн пайдалуулугун түшүнүп, бул маселе азыр мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгиледи.
Узакбаев: энелердин көбү азыр деле эмчек сүтүнүн маанисин түшүнбөйт

Ушу тапта деле энелердин көбү эмчек сүтүнүн маанисин түшүнө бербейт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланы эмизүү керек экенин түшүндүрүү зарылдыгы социалдык шарттардан улам пайда болгон.

"Аялдардын эмансипациясы деген башталды, андан кийин жасалма азык менен тамактандыруунун маанилүүлүгү айтыла баштады. Даяр тамакты берип коюп, энелер бир аз да болсо бошоп, эртерээк жумушка чыгууну көздөп калышты. Бирок убакыттын өтүшү менен эмчек сүтүнүн пайдалуулугун түшүнүп, бул маселе азыр мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп жатат. Бирок, тилекке каршы, азыр деле эмчек сүтүнүн маанисин анча аңдай бербеген аялдар көп", — деди Узакбаев.

Ал коомдук жайларда эне жана бала үчүн атайын бөлмө ачуу мыйзам чегинде бекитилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0