Комузчу Чолпон Мелисбекова маек учурунда

Мелисбекова: өзүмдүн чөйрөмдө ордум бар

102
(жаңыланган 18:28 08.08.2017)
Комузчу Чолпон Мелисбекова музыка дүйнөсүнө 6 жашынан аралашып, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин жана Кыргыз улуттук консерваторияны аяктаган. Учурда "Акак" комузчулар ансамблинин солисти.

Кичине кезимен музыка дүйнөсүнө аралашып, мыкты мугалимдерден билим алгам. Андыктан өзүмдүн чөйрөмдө ордум бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине комузчу Чолпон Мелисбекова билдирди.

Анын айтымында, комуздун күчү керемет болгондуктан, чеберчилик болсо дүйнө хиттерин комузга салуу ашыкча болбойт.

"Despacito ырын комузда ойноп интернетке жүктөгөндө көп киши көрүп, бөлүшүп, ар түрдүү пикирлер жазылды. Албетте, жакшы ойлор, каалоо-тилектер көп болду, бирок арасында терс маанайдагы сөздөр да жазылыптыр. Дүйнөлүк хиттерди комузда ойноп коюп эле элге таанылып кеттим деп айта албайм. Анткени менин өзүмдүн чөйрөмдө ордум бар. Болгону социалдык тармакта мени буга чейин тааныбаган адамдар таанып-билип калышты", — деди Мелисбекова.

Ал ошондой комузга башка музыканы салуу оңой болгону менен кыргыздын күүлөрүн башка музыкалык аспаптарда ойноо кыйын экенин кошумчалап кетти.

Чолпон Мелисбекова менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот>>

102
Белгилер:
күү, комуз, маданият, Кыргызстан
Тема боюнча
Президенттерди суктанткан комузчу Чолпон: бир видео менен "жылдыз" болгон жокмун