Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усеналиев: социалдык камсыздоодогу балдардын формасы арзаныраак болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы окуу жылында дагы Кыргызстандын окуучулары министрлик тарабынан бекитилген мектеп формасынын бир канча түрүн кийишет
Усеналиев: социалдык камсыздоодогу балдардын формасы арзаныраак болот

Өлкөдө бирдиктүү мектеп формасын кабыл алууга кыргызстандыктардын финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана климат шарттары себепкер экенин Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бир эле мектепте финансылык мүмкүнчүлүктөрүар башка үй-бүлөлөрдүн балдары окугандыктан, кыйнап бир форманы таңуулоо мүмкүн эмес. Экинчиден, өлкөнүн түштүгүндө же Чүйдө күз мезгили узакка созулуп, окуучулар көпкө чейин жука кийинип жүрө алса, Нарындын алыскы райондорунун балдары калыңыраак кийиниши керек. Ошол себептүү ар кайсы мектептердин окуучуларына өздөрүнө ыңгайлуу форманы тандоого уруксат берилген", — деди Усеналиев.

Ал кошумчалагандай, кайсы бир мектеп өз окуучуларына атайын заказ менен форма тиктирүүнү кааласа, ошол мектепте окуп, калктын аялуу катмарына кирген балдарга 10 пайыздык арзандатуу берилет.

Баса белгилей кетчү жагдай, мектеп жетекчилигине жана мугалимдерге мектеп формасын сатып алуу үчүн акча чогултууга, мектеп формасы жок болгон учурда окуучунун билим алышына чектөөгө тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0