Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бердигулов: бүтүрүүчүлөргө айыл эли рахматын айтып жатат

© Фото / Нурзада МукашеваНарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигулов
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулушка 70 миң сомдун тегерегиндеги акча жумшалган
Бердигулов: бүтүрүүчүлөргө айыл эли рахматын айтып жатат

Мындан он жыл мурда Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектепти аяктагандар айылга заманбап аялдама куруп беришти деп билдирди аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Бул жакшы иш Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында болгон.

"Айыл аксакалдары, айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери алкап, жакшы сөздөрүн айтышууда. Райондо Бишкек-Өзгөрүш түнкү каттамы жүрөт, биздин климат катаал болгондуктан жаан-чачында жолго чыккандар үстү жок аялдамаларга туруп калышчу эле. Азыр кадыресе жакшы шарт түзүлдү", — деди Бердигулов.

Маалыматка караганда, ага 70 миңге чукул каражат жумшалган.

"Кээ бир жерлерде өз алдынча тыйындарын чогултуп, жолугушуу кечелерин Көлдөн, алыскы жайлоолордо өткөрүп, андан ары тарап кеткен бүтүрүүчүлөр деле бар. Аларга караганда бул балдар жакшы иш жасашты. Дагы бир ирет ыраазычылыгыбызды айтабыз", — деди айыл өкмөтү.

Аталган мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жасаган эмгеги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0