Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайназаров: согуш жүрүп жаткан өлкөгө кеткен аялдардын көбү зомбулукка учурагандар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров
Жалпы кызыкчылыкты издөө эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси өлкө ичинде экстремизм менен радикализмге каршы туруу жаатында көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди
Сайназаров: согуш жүрүп жаткан өлкөгө кеткен аялдардын көбү зомбулукка учурагандар

Согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөргө кеткен аялдардын басымдуу бөлүгү зордук-зомбулукка, кысымга кабылгандар экенин "Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял кишилердин согуш зоналарына кетишинин үч негизги себеби бар.

"Зордук-зомбулукка, ар кандай кысымга кабылган аялдар ал жактарга негизинен өч алуу, бугун чыгаруу үчүн кетип калат", — деди Сайназаров.

Адис согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткендердин арасында аялдар менен бирге жаштар да көп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0