Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: "Ак жолдун" логотибиндеги жолду атайын кызылга боеп салганбыз

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"24 кадр" агенттигинин жетекчиси Гуля Алмамбетованын архивдик сүрөтү
24 кадр агенттигинин жетекчиси Гуля Алмамбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо кампаниялары маалында саясий технологдор менен пиар-адистер элге карата дагы, саясий айдыңда дагы бир топ "оюндарды" жасашат
Алмамбетова: "Ак жолдун" логотибиндеги жолду атайын кызылга боеп салганбыз

Кыргызстандын саясий жашоосунда чоң роль ойногон "Ак жол" партиясын негиздөөдөгү окуялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигине "24 кадр" агенттигинин жетекчиси Гуля Алмамбетова айтып берди.

Анын айтымында, ал партиянын аталышын сунуштагандардын бири болгон.

"Ак жол" партиясын түзөөрдө Медет Садыркулов бизге жардам сурап кайрылган. Ал топто менден сырткары 2-3 адам бар болчу. Бирок алардын аттарын атай албайм, учурда мамкекеттик кызматтарда отурушат. Эртең съезд деген күнү Медет Чоканович мага телефон чалып, "Ак жолго" киргизчү майда партиялардын жетекчилеринин макулдугун алууга жетишпей жатканын айтты. Ал эми съездге эл чакырылып калган. Менин негизги милдетим Медет Чоканович партияларга кол койдуруп бүткүчө съездге келген адамдардын көңүлүн башкага буруп туруу эле. Иш-чара филармонияда болгондуктан, анын сахнасына партиянын логотиби тартылган чоң баннер илинмек. Түнү менен логотиптеги ак жолду кызыл өңгө боеп салдык. Эртеси күнү элдин баары "жолуңар ак болбой эле кызыл болуп калыптыр" деп ошону талкуулап жатып калышты. Атургай аны көргөн Курманбек Бакиев дагы ордунан тура калган. Бул боюнча архивдик видеолор бар", — деди ал.

Ошондой эле Алмамбетова эл логотипке алаксып жатканда Садыркулов башка партияларды "Ак жолго" киргизүү маселесин чечүүгө жетишкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0