Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакиров: быйылкы шайлоодо популярдуу ырчылар 30 миң доллардан сурап жатышат

© Фото / Эрмек Женишбеков Руководитель продюсерского центра "Алтын ун" Жыргалбек Шакиров
Руководитель продюсерского центра Алтын ун Жыргалбек Шакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо жакындап, үгүт иштерине катышууну көздөгөн өнөр адамдары катуу даярдык көрүп жаткан кези
Шакиров: быйылкы шайлоодо популярдуу ырчылар 30 миң доллардан сурап жатышат

Октябрь айында боло турган президенттик шайлоонун үгүт иштериндеги эмгеги үчүн популярдуу жана мамлекеттик сыйлыгы бар ырчылар 20-30 миң долларга чейин сурап жатканын "Алтын үн" продюсерлик борборунун жетекчиси Жыргалбек Шакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бизге талапкерлердин командаларынан иштешели деген сунуштар түшүп жаткандыктан, ырчыларды чогултуп жатабыз. Эмгек сиңерген артист жана башка мамлекеттик сыйлыктары бар, популярдуулугу арткан ырчылардын эң алдыңкылары бир кампанияга 25-30 миң долларга иштеп беребиз деп жатат. Жаштар арасында таанымалдар 10-15 миң долларга чыгууга даяр. Ал эми аты чыгып, тааныла баштагандар 5 миң доллар берсең, келишимге кол коет", — деди Шакиров.

Анын айтымында, дал ушундай гонорар сураган ырчылар арасында ар кайсы талапкерлер менен келишим түзүүгө жетишкендери дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0