Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калдыбаев: "Сапат" мектептери мыйзам чегинде иш алып барууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев
КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдемдин билдирүүсү кыргыз коомчулугуна кысым катары кабыл алынганын айтты.
Калдыбаев: "Сапат" мектептери мыйзам чегинде иш алып барууда

"Сапат" мектептери мыйзам чегинде иш алып барууда. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, Орхан Эрдем Бурса шаарында өткөн "Кыргызстанда диний билим берүүнү илгерилетүү" жайкы программасынын аяктоо аземине катышкан. Ал жыйын учурунда Гүллендин террордук уюму өтө күчтүү экенин айтуу менен "Себат" билим берүү мекемесине балдарды окууга жибербөөгө чакырган. Ал ошондой эле аталган мекемеден билим алгандарга Түркияга кирүүгө виза берилбей калышы мүмкүн экенин баса белгилеген.

"Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдемдин айткан кебин бийликке жана кыргыз коомчулугуна жасалган кысым катары кабыл алат", — деди Калдыбаев.

Ал "Сапат" билим берүү мекемесинен 10 миңден ашык жаран татыктуу билим алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0