Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Куралбекова: учурда тейлөө тармагынын адистерине талап жогору

© Sputnik / Табылды Кадырбеков4-кесиптик лицейдин орун басары Индира Куралбекова
4-кесиптик лицейдин орун басары Индира Куралбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу аяктап, ар кандай себеп менен окууга тапшыра албай калган балдар үчүн кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү маанилүү орунда турат.
Куралбекова: учурда тейлөө тармагынын адистерине талап жогору

4-кесиптик лицейдин орун басары Индира Куралбекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маекте кесиптик окуу жайларында билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

"Акыркы он жылда тейлөө адистерине болгон талап өстү. Өзгөчө ашпозчу, жыгач усталар, ширетүүчүлөр, зергерлер зарыл адистердин катарын толуктады. Себеби жашоо бир орунда турбайт экен. Өлкөдө заңгыраган тамдар, кооз имараттар курулуп жатат. Анын көбүндө кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү иштеп жатат", — дейт Куралбекова.

Ал ошондой эле мурда кесиптик лицейлер техникалык-училищелер деп аталып, начар окугандар билим алгандыктан коомчулукта терс ой калыптанып калганын белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0