Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдобаев: унаа салыгы кыймылдаткычына жана жылына жараша чегерилет

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтарший инспектор налоговой службы по доходам Озорбек Молдобаев
Старший инспектор налоговой службы по доходам Озорбек Молдобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын кирешелер боюнча башкармалыгынын ага инспектору Өзөрбек Молдобаев беш жыл ичинде чыккан унаанын ставкасы 90 тыйын экенин айтты.
Молдобаев: унаа салыгы кыймылдаткычына жана жылына жараша чегерилет

Унаа салыгы кыймылдаткычына жана чыгарылган жылына жараша чегерилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелер боюнча башкармалыгынын ага инспектору Өзөрбек Молдобаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, автоунаа, турак жай жана жердин салыгын 1-2-сентябрга чейин төлөө керек.

"Автоунаанын салыгы анын кыймылдаткычынын кубатына жана чыгарылган жылына жараша эсептелет. Мисалы акыркы беш жыл ичинде чыккан унаанын ставкасы 90 тыйын. Аны кубатына көбөйтүп коебуз. Ошондо салык баасы чыгат", — деди Өзөрбаев.

Ал унаанын чыгарылганына 10 жыл болсо салыктын ставкасы 75 тыйын, 15 жыл болсо 60 тыйын болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0