Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгетаев: простатит оорусу инфекциянын көбөйүшүнөн пайда болот

© Фото / Гулдана ТалантбековаДарыгер-уролог Нурлан Эгетаевдин архивдик сүрөтү
Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Простатит оорусунда эркектердин жумуртка бези сезгенип, шишик пайда болот
Эгетаев: простатит оорусу инфекциянын көбөйүшүнөн пайда болот

Простатиттин өнүгүшүнө организмде инфекциялардын көп болушу себепкер. Бул тууралуу дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

"Эркектер көп кабылган простатит оорусунун пайда болушуна 90 пайыз инфекциялар себепкер. Башка себептери организмдин ашыкча муздакка кабылуусу, алкоголдук ичимдиктер, физикалык жана моралдык стресс күнөөкөр болот. Эгер оору заара чыгаруучу канал аркылуу жайылса, табарсыктын жана бөйрөктүн сезгенишине алып келет. Жыйынтыгында, уруктуктун сапаты начарлайт да, тукумсуздук келип чыгат" — дейт уролог.

Ал белгилеп кеткендей, ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй, дароо урологго кайрылуусу кажет. Простатитти физиотерапия, ийне саюу, дары-дармек ыкмалары менен айыктырышат.

Эркектер дагы кандай ооруларга кабыларын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0