Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жалилов: Баткен облусунда сегиз жаңы мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр

© Sputnik / Феруза Аскарбек кызыБаткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касым Жалилов
Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касым Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касым Жалилов курулуш иштери дагы 12 мектепте жүрүп жатканын айтты.
Жалилов: Баткен облусунда сегиз жаңы мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр

Баткенде жаңы окуу жылына карата сегиз мектептин курулушу аяктап колдонууга берилет. Бул тууралуу Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касым Жалилов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 2016-2017-жылдары ишке бериле турган 12 мектептин курулушу быйыл дагы бүтпөй калды.

"Жаңы окуу жылында сегиз мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр турат. Ал эми калган 12 мектеп каражаттын тартышыгынан улам өз убагында бүтпөй калды. Бирок аталган мектептерде курулуш улантылып жатат", — деди Жалилов.

2017-2018-окуу жылына карата облус боюнча 234 жалпы билим берүүчү мекемелеринде ремонт иштери жүргүзүлүп, 1-сентябрга окуучуларды кабыл алууга даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0