Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Примов: жаңы өкмөт жаштар менен толукталат

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов өкмөттүн жаңы курамында биринчи-вице менен эки вице-премьер алмаша турганын айтты
Примов: жаңы өкмөт жаштар менен толукталат

Жаңы өкмөт жаштар менен толукталат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, президенттикке аттанган Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, КСДП өкмөт башчылыкка Сапар Исаковду сунуштап жатат.

"Сапар Исаков сунуштап жаткан тизме боюнча биринчи вице-премьерликке Толкунбек Абдыгулов, коргоо жана коопсуздук боюнча вицеликке Темир Жумакадыров, экономкалык маселелер боюнча орун басарлыкка Дүйшөнбек Зилалиев, Экономика министрлигине Артем Новиков сунушталып жатат", — деди Примов.

Ал жаңы өкмөттүн курамы жаштар менен толукталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0