Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегалиев: көк бөрү боюнча беттеште соодалашуу болгон жок

© Sputnik / Алия СамидинРуководитель сборной Кыргызстана по кок-бору Талас Бегалиев
Руководитель сборной Кыргызстана по кок-бору Талас Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев оюнду саясатташтырбоо керектигин айтты
Бегалиев: көк бөрү боюнча беттеште соодалашуу болгон жок

Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эч кандай соодалашуу болгон эмес. Бул тууралуу улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев оюндан кийин кыргызстандыктар менен жолугушуп жатып билдирди.

Ал бул оюнду саясатка аралаштырбоо керектигин баса белгиледи.

"Оюн бүткөндөн кийин мага бир журналист келип "казактарга сатылып кеттиңерби?" деп сурады. Ошол журналисттин өзүнүн уяты жок экен. Өзүңөр көрдүңөр, биздин балдар жанын сайып ойноду. Карагылачы, эмне ушулар саткынга окшоп турабы?! Бул деген — спорт! Муну эч качан саясатка аралаштырбайлы. Мунусунда жеңилсек, кийинкисинде утабыз. Былтыр чемпион болгонбуз, кийинки жылы чакырабыз да, ошондо жооп беребиз", — деди Бегалиев.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...
Ошондой эле ал оюн учурунда айрым эрежелер бузулганын кошумчалады.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов атайын барып кыргыз улакчыларын колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0