Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныш Майр: мен ойногон "кайненени" баары эле жактыра бербейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тамашоу" лигасында убагында көрүнүктүү оюнчулардын бири болгон, "Ак кеме" командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбеков
Тамашоу лигасында убагында көрүнүктүү оюнчулардын бири болгон, Ак кеме командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тамашоу" лигасында убагында көрүнүктүү оюнчулардын бири болгон, "Ак кеме" командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбеков учурда шоумен, актер. Ал түрдүү скетч-шоу, тасмаларга тартылып, өзгөчө образдарды жаратып келет.
Жаныш Майр: мен ойногон "кайненени" баары эле жактыра бербейт

Жаныш Майрамбек уулунун "Эл эмне дейт?" скетч-шоусундагы кайнененин образы көпчүлүктү көңүл кош калтырган эмес.

"Социалдык тармактарда бул образга карата жакшы эле пикирлер айтылганы менен "кайнененин" образын баары эле жактыра бербейт. Турмушка чыккан кыздарга ал апа жакса, күйөөгө тийе элек кыздар "ай, мени мындай кайненеден Кудай сактасын" деп айтышат. Көрсө, бир эле образ адамдарга ар түрдүү таасир калтырат экен. Бул скетч аркылуу биз келин менен кайнене ортосундагы мамилени көйгөй кылбай, тескерисинче алардын ортосундагы мамиле жакын болсун дейбиз", —деди актер.

Ал мындан сырткары аталган долбоордо эски сөздөр кайдан келип чыгаарын тамаша иретинде айтып берген абышканын, айыл өкмөттүн жетекчилеринин образдарын да ийине жеткире ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0