Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурбаева: сөөктү тапкандан кийин эки күн уктабай чыктым

© Фото / Зульфия ТургуноваСотрудница МП "Ош-Тазалык" Айзада Нурбаева
Сотрудница МП Ош-Тазалык Айзада Нурбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз келининин колунан каза болгон Жумагүл Арзыбаеванын сөөгүн таштандыдан таап алган "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкери Айзада Нурбаева эми гана өзүнө келгенин айтты.
Нурбаева: сөөктү тапкандан кийин эки күн уктабай чыктым

Башы кесилген аялдын сөөгүн тапкандан кийин эки күн ишке чыга албай койгонун "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкери Айзада Нурбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Тазалык" ишканасынын кызматкери өлүктү тапкандан кийин дароо милицияга көрсөтмө берген.

"Ошол күнү адатымча өзүмө бекитилген аймакты тазалап, шыпырындыларды таштандыга салып жаткам. Кан чыланган жаңы сумка көңүлүмдү бурду. Карасам 10-15 сантиметр ачылып турат. Мен адегенде аппак дене бөлүгүн кѳргѳнүмдѳ чочконун же тооктун этиби деп ойлогом. Ачсам, башы кесилген аялдын буту көрүндү", — деди Нурбаева.

Ал коркуп калгандыктан, эки күн уктабай чыкканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 27-август күнү калаадагы Түштүк-чыгыш кичирайонунда таштанды челектен аялдын башы кесилген денеси табылган. Бул кылмыш ишине шектелип, келини жана анын эжеси кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө келин кайненеси менен чатакташа кетип, уктап жатканда таш менен чаап өлтүрүп алганын, андан кийин эжеси экөө башын кескенден кийин денени таштанды челекке салып салышканын айтып берген. Учурда келин эжеси экөө убактылуу кармоочу жайда кармалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0