Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынов: Centerra Gold Inc. да өкмөт менен түзгөн келишимден пайда көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековCenterra Gold Inc. компаниясынын мүчөсү, "Кыргызалтын" ишканасынын каржы жана экономика тармагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бектур Сагынов
Centerra Gold Inc. компаниясынын мүчөсү, Кыргызалтын ишканасынын каржы жана экономика тармагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бектур Сагынов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Centerra Gold Inc. компаниясынын мүчөсү, "Кыргызалтын" ишканасынын каржы жана экономика тармагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бектур Сагынов келишим буга чейинки чырларга чекит коерун айтты.
Сагынов: Centerra Gold Inc. да өкмөт менен түзгөн келишимден пайда көрөт

Centerra Gold Inc. ишканасы өкмөт менен түзгөн келишимден, албетте, пайда көрөт. Бул тууралуу аталган компаниянын мүчөсү Бектур Сагынов билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык жаңы келишимге кол койду.

"Centerra Gold Inc. ишканасы дагы өкмөт менен түзгөн келишимден пайда көрөт. Баарыбызга белгилүү болгондой эле биздин мамлекет аталган ишкананы сотко берип, териштирүүлөр өлкө ичинде дагы, чет жакта дагы болуп жатат. Ушуларга чекит коюлат. Буга чейин Centerra Gold Inc. уруксат кагаздарын алууда көйгөйлөргө тушугуп келсе, эми андай болбойт", — деди Сагынов.

Келишимде көрсөтүлгөндөй Centerra Gold Inc. айлана-чөйрөнү, өзгөчө Ысык-Көл акваториясын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн мойнуна жаңы милдеттенмелерди алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0