Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршеев: ашыкча чыгымы жок той мамлекетке дагы пайдалуу

© Фото / Айжамал КондучаловаИсполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк тойлорго жумшалган чыгымдын 40 пайызын гана коноктор кайтарып бербесе, калган 50-60 пайыз акча абага чачылып кеткенге барабар
Шаршеев: ашыкча чыгымы жок той мамлекетке дагы пайдалуу

Кыргызстанда тойго келген адамдандын 40 пайызы өзү жеген тамак-аштын акчасын ала келерин финансы боюнча консультант Искендер Шаршеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, тойдо карым-катнаштар бекемделет, акчалай катыштар жанданат. Кафе-ресторандардын иши жүрүшүп, айыл-чарба продукциялары, мал сатылат.

"Экономикалык көз караш менен караганда, мындай той мамлекетке дагы пайдалуу. Бирок адам өзүнүн чөнтөгүнө жараша, кийин кыйналбай тургандай той берсе. Негизи адам бул тойдун аркасынан канча акча келерин толук түшүнүшү керек. Анткени той бүгүнкү күндө өзүнчө бизнес болуп калды. Биздеги тойлорго коноктордун 40 пайызы өзүнүн жеген тамагынын акчасын көтөрө барат. Ал эми катыштары жетишсиз болуп калса, бир топ акча жок болуп кетет", — деди Шаршеев.

Анын пикиринде, той жакшы бизнес эмес, анткени биздин тойлордо ысырапкорчулук көп болгондуктан, акчанын 50-60 пайызын абага чачып ийгенге барабар. Ошол себептүү үй-бүлөнүн бюджетинде кошумча акча пайда болмоюнча той өткөрүүнүн пайдасы жок.

Тойго берилчү насыя, өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0