Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын жетекчиси Мелисбек Назарбеков

Назарбеков: иске ууланбаш үчүн нымдалган чүпүрөк менен ооздуу жабуу керек

29
(жаңыланган 10:26 14.09.2017)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын жетекчиси Мелисбек Назарбеков өрт учурда ууланып калуу коркунучу жогору экенин эскертти.

Өрттө иске ууланбаш үчүн нымдалган материал менен ооздуу жабуу керек. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын жетекчиси Мелисбек Назарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эң алгач тилсиз жоонун алдын алуу зарыл.

"Эгерде өрт чыккан учурда имараттын ичинде калып калган болсоңор анда дароо жерге жатуу керек. Иске ууланып калбоо үчүн дем алуу органдарын жабуу зарыл. Анан дароо нымдалган материалды ооз, мурунга тосуп, ошонун жардамы менен дем алса болот", — деди Назарбеков.

Куткаруучу тилсиз жоо учурунда терезени ачуу кооптуу экенин кошумчалады.

29
Белгилер:
коопсуздук, Өрт, Бишкек
Тема боюнча
Ош: борбордук базардагы соода түйүндөрүнө өрт өчүрүүчү баллондор орнотулууда
Пикирлер