Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдалиева: эми денеме татуировка кылдырбас болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженные артистка КР Асель Турдалиева
Заслуженные артистка КР Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Анталияда эс алып жүргөндө бутуна эки жумалык татуировка тарттырган
Турдалиева: эми денеме татуировка кылдырбас болдум

КРдин эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асел Турдалиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде бутундагы татуировкасы үчүн Instagram колдонуучуларынын сынына кабылганын айтты.

"Бирөө комментарийге "эже, ушуну тим эле койбоптурсуз да" деп жазып коюптур. Ал чегилген эмес, жөн гана боелгон сүрөт болчу. Кызым менен Анталияда эс алууда жүргөндө эки жумалык кылып тарттырганбыз. Анан кызым сүрөткө тартып алгандан жүктөп койдум эле. Бул жакка келип тойго барганы камданып жатсам, кыскараак көйнөктөн бутумдагы сүрөт билинип калыптыр. Шым кийип бардым" — деди ырчы.

Ырчы ушул тапта 48 жашын майрамдап жатат.

Асел Турдалиева менен болгон кызыктуу маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кененирээк окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0