Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асылбашева: "Асманга" конкурсанттарды тандоодо үнүнө гана басым жасалган жок

© Sputnik / Жасмин МалашеваГенеральный менеджер Event-агентства "Асылбашев "Креатив" Дарика Асылбашева
Генеральный менеджер Event-агентства Асылбашев Креатив Дарика Асылбашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоорду уюштуруп жаткан "Асылбашев "Креатив" агенттигинин башкы менеджери Дарика Асылбашева тандоо туруна 200дөн ашуун адам келгенин айтты.
Асылбашева: "Асманга" конкурсанттарды тандоодо үнүнө гана басым жасалган жок

"Асман" теледолбооруна конкурсанттарды тандоодо үнүнө гана басым жасалган жок. Бул тууралуу долбоорду уюштуруп жаткан "Асылбашев "Креатив" агенттигинин башкы менеджери Дарика Асылбашева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

Эске сала кетсек, өлкөдө "Асман" аттуу теледолбоор ишке ашып жатат. Ага вокалдык чеберчилиги жогору жарандар катышса болот. Долбоор КТРКдан көрсөтүлүп, жеңүүчүгө 100 миң сом акчалай сыйлык берилет.

"Асман" теледолбоору музыка жаатында болгондуктан биз эң алгач катышуучулардын үнүнө көңүл бурдук. Бирок үнүнө гана басым жасалган жок. Анткени биз келечектеги жылдыздарды издеп жатабыз. Ошого байланыштуу сырткы келбетине, харизмасына жана сахнада өзүн алып жүрүүсүнө карап конкурсанттар танталды", — деди Асылбашева.

Ал тандоо туруна 200дөн ашуун адам келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0