Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эшенбаев: шаардагы төрт мектепте капиталдык ремонт жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев оңдоп-түзөө иштеринин арты менен 2800 окуучулук орун калыбына келерин айтты.
Эшенбаев: шаардагы төрт мектепте капиталдык ремонт жүрүп жатат

Борбор калаадагы төрт мектепте капиталдык ремонт жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир канча мектептин чатыры оңдолуп, жылуулук түтүктөрү алмаштырылды.

"Быйыл биз эки мектепти эксплуатацияга бердик. Мындан сырткары, учурда төрт мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул мектептер авариялык абалда болгондуктан окуу процесстери токтотулган эле. Булар №10, 25, 28 жана 44 мектептер. Каражат шаардык бюджеттен жумшалды", — деди Эшенбаев.

Ал төрт мектептин арты менен 2800 окуучулук орун калыбына келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0