Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрканов: мектептин жетишсиздиги — жаңы конуштардагы башкы көйгөй

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов көйгөй акырындап чечилип жатканын айтты.
Өмүрканов: мектептин жетишсиздиги — жаңы конуштардагы башкы көйгөй

Борбор калаадагы жаңы конуштардын башкы көйгөйү — мектеп жетишсиздиги. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, жаңы конуш тургундары балдарын шаардагы мектептерге ташууга аргасыз.

"Шаардын жака-белинде 49 конуш бар, алардын башкы көйгөйү — мектеп менен бала бакчанын жетишсиздиги. Биз мектеп ачууну улантып жатабыз. 20 жыл ичинде 30 мектеп салынды. Ал эми жаңы конуштарда мектеп ачуу үчүн 116 миллион сом бөлүнгөн", — деди Өмүрканов.

Мэриянын берген маалыматы боюнча борбор калаада 95 муниципалдык мектеп бар. Окуу жылынын аягына чейин дагы төрт мектеп ачуу пландалып жатат. Мындан улам кошумча 4 250 орун пайда болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0