Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулова: сүйүнчү айткан адамды кыргыз жөн кетирбейт

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭтнограф Айымкан Жаманкулованын архивдик сүрөтү
Этнограф Айымкан Жаманкулованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин бийик салттарынын бири — сүйүнчүлөө. Үйдө жакшылык болуп, бала төрөлүп, келин алып, жакын адамы алыс сапардан келгенде жана башка кандайдыр бир кубанычтуу окуя болгондо сөзсүз "сүйүнчү" айтылат.
Жаманкулова: сүйүнчү айткан адамды кыргыз жөн кетирбейт

Сүйүнчү айтып келген адамды кыргыз жөн кетирбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Айымкан Жаманкулова маек куруп берди.

Анын айтымында, сүйүнчү айткан адамга сөзсүз бир нерсе ыроолош керек.

"Сүйүнчүнү керектүү адамдарга чоң кишилер өздөрү да айтат, же киши чаптырып, жакын жерде болсо бала чуркатышат. Мисалы, неберелүү болгондо чоң ата, чоң апалары куда тарапка (келиндин ата-энесине) өздөрү "сүйүнчү, неберелүү болдук" деп айтышат. Ал эми бул учурда сөзсүз жакшы кабар уккан тарап "Болсун, болсун!", Бешик бооңор бек болсун" деп жооп берип, сүйүнчүнүн акысын беришет. Сүйүнчү алган киши эч качан аз же көп деп айтпашы шарт. Бергенине гана ыраазы болуп кете берет", — деди Жаманкулова.

Ал ошондой сүйүнчү келин келгенде, алыскы сапарга кеткен адам кайтып келгенде да айтыларын кошумчалап кетти.

Сүйүнчү тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0