Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жуматаева: орточо эсеп менен пенсияга 520 сом кошулат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя Социального фонда КР Гульнура Джуматаева
Заместитель председателя Социального фонда КР Гульнура Джуматаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева камсыздандыруу бөлүгү чоң болсо, анда кошула турчу акча да көп болорун айтты.
Жуматаева: орточо эсеп менен пенсияга 520 сом кошулат

2017-жылдын 1-октябрынан тарта орточо эсеп менен пенсияга 520 сом кошулат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пенсияга кошула турчу акча инфляция жана былтыркы айлык акынын өсүшүн эске алуу менен чегерилет.

"1-октябрдан тартып пенсиянын негизги бөлүгү 1 780 сом деп белгиленип, ага 280 сом кошулат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,05 коэффициент менен индексацияланып, ал 240 сомдон кем эмес көтөрүлөт. Индексациянын коэффициенти инфляция жана былтыркы айлык акынын өсүшүн эске алуу менен эсептелген", — деди Жуматаева.

Ал жалпылап айтканда орточо эсеп менен пенсияга 520 сом кошуларын түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0