Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбеков: Кыргызстанга мыйзамсыз товарлар суудай эле агып кирүүдө

Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мыйзамсыз товарларды чектеген органдар өз ишин аткарбай жатат деген ойдо.
Турсунбеков: Кыргызстанга мыйзамсыз товарлар суудай эле агып кирүүдө

Кыргызстанга мыйзамсыз товарлар суудай эле агып кирүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, ЖКда аткезчиликти чектеген мыйзам долбоору шаршемби күнү үчүнчү окууда каралды.

"Бизден ташылуучу товарлар биримдикке кирген коңшу мамлекеттер тарабынан артка кайтарылууда. Муну айтып ишкерлер ыйлап жүрөт. Кыргызстанга болсо мыйзамсыз товарлар суудай эле агып кирүүдө. Эмне үчүн биздин чек арачылар мыйзамсыз товарларды артка кайтара албайт. Анткени ортодо кызыкчылык бар", — деди Турсунбеков.

Спикер мыйзамсыз товарларларды жакшылап көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0