Бир Бол фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин архивдик сүрөтү

Жумалиев: Ботаникалыкты бакты Илимдер академиясынан алууга болбойт

28
(жаңыланган 13:03 29.09.2017)
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев учурда Ботаникалыкты бакты өкмөткө өткөрүү аракети көрүлүп жатканын айтты

Ботаникалыкты бакты Илимдер академиясынан алууга болбойт. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган жайды өкмөткө өткөрүү аракети көрүлүп жатат.

"Өкмөт Улуттук илимдер академиясынан Ботаникалык бакты алуу боюнча токтомун даярдап коюптур. Ботаникалык бактын жамааты бул туура эмес деп Жогорку Кеңешке, өкмөткө кат жазышты. Анткени мыйзамга ылайык, Илимдер академиясына берилген жер кайра алынбашы керек", — деди Жумалиев.

Ал токтомду токтотуп туруу керек экендигин, алгач маселе ЖКда каралышы зарылдыгын кошумчалады.

28
Белгилер:
Кубанычбек Жумалиев, ботаникалык бак
Тема боюнча
Ботаникалык бактын директору такай болуп жаткан өрттөн улам кызматтан алынды
Пикирлер