Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Атамбаев: дин жүрөктө болушу керек

81
(жаңыланган 18:37 29.09.2017)
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев накта мусулман болом деген адам ыйык Курандагы сөздөрдү жүрөгүндө сакташы керектигин айтты.

Дин жүрөктө болушу керектигин президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында өтүп жаткан "Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" темасындагы конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, динде мажбурлоо жок.

"Курандагы ыйык сөздөрдү эскертким келет. Динде таңуулоо, мажбурлоо жок. Бакара сүрөсү, 256-аят. Бир адамды өлтүрүү, бардык адамзатты өлтүрүүгө барабар. Накта мусулман болом десек ыйык Курандагы сөздөрдү жүрөктө сакташыбыз керек. Дин адамдын жүрөгүндө болушу керек", — деди Атамбаев.

Ал Мухаммед (САВ) пайгамбардын насааттарын унутпоого чакырды.

81
Белгилер:
дин, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Атамбаев: чала молдолор жаштарыбыздын башын айлантып бүтүштү
Пикирлер