Председатель Кыргызского общества слепых и глухих Марат Ташбаев

Ташбаев: "Азиздер жана дүлөйлөр" коому майыптарды жумуш менен камсыздап келет

26
(жаңыланган 13:09 29.09.2017)
Аталган коомдун төрагасы Марат Ташбаев 9 миңден ашуун адам мүчө экендигин айтты

"Азиздер жана дүлөйлөр" коому майыптарды жумуш менен камсыздап келет. Бул тууралуу аталган коомдун төрагасы Марат Ташбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, сентябрдын акыркы аптасы азиздердин жана дүлөйлөрдүн жумалыгы деп белгиленген.

"Бүгүнкү күндө биздин уюмга тиешелүү 11 ишканабыз бар. Бул өндүрүү ишканалары. Ал жакта биздин мүчөлөр эмгектенишет. Мындан тышкары, Ысык-Көлдө пансионатыбыз, Таш-Мойнок айылында ден соолукту чыңдоочу комплексибиз жана китепканабыз бар. Китепканада аудио китептер даярдалууда", — деди Ташбаев.

Ал ишканалардан түшкөн каражат кызматкерлерге маяна катары берилээрин кошумчалады.

26
Белгилер:
дүлөй, азиз, ишкана
Тема боюнча
Атамбаев шал оорусунан жабыркаган балдарга коляска алуу үчүн 3 млн. сом бөлдү
Пикирлер