Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: сын эле айта бербей, эмгекти да баалап туруу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовСвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков маек учрунда
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков айрым жарандар жалаң гана сын айтуу менен алек болорун айтты
Болотбеков: сын эле айта бербей, эмгекти да баалап туруу керек

Жасалган иштерге сын эле айта бербей, эмгекти баалап да туруу керек. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызматчылар деле жакшы сөзгө муктаж.

"Жаңы салынган жолдор арыгы, тротуары, анан жарыгы менен кошо эксплуатацияга берилет. Мындан сырткары, четтерине көчөттөр тигилет. Бирок көп иш болгондо кемчилик да кетет экен. Анан жасап жаткан иштерге сын эле айта бербей, эмгекти баалап да коюу керек", — деди Болотбеков.

Ал айрым маалымат каражаттары да каралаган гана маалыматтарды жазып жатканына нааразы болгон пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0