Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: бизде спорттун бир эле түрү боюнча 2-3 федерация ачылган

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамагенттиктин маалымат катчысы аккредитациянын артыкчылыгы мамлекеттен каржы алуу экендигин белгиледи.
Султамбаев: бизде спорттун бир эле түрү боюнча 2-3 федерация ачылган

Федерацияны каттоо үчүн бир канча талаптарга жооп берүү зарыл экенин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

"Эгерде федерациянын региондордо секциялары иштесе, машыктыруучулар квалификациялуу болсо, жетекчиси, уставы, юридикалык көрсөтмөлөрү болсо аккредитациядан өтө алат. Андан кийин бери дегенде бир жылдан төрт жылга чейин планын жазып келет. Эгерде максатыбыз туура келсе, биздин талаптарга жооп берсе, албетте, иштешебиз. Көздөгөнүбүз — спортту өнүктүрүү. Бизде федерациялардын саны көп, анан спорттун бир эле түрү боюнча эки-үчтөн федерация ачылган", — деди Султамбаев.

Ал ошондой эле чет мамлекетте жыйынтык көрсөткөн федерация гана каттоодон өтө аларын белгилеп өттү.

Нурдин Султамбаев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0