Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбеков: детектор аппараты калпты аныктай албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков маек учрунда
Профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков аталган жабдуу жөн гана адамдын реакциясын аныктай тургандыгын айтты
Камчыбеков: детектор аппараты калпты аныктай албайт

Детектор аппараты калпты аныктай албайт. Бул тууралуу профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аппаратка толук кандуу таянуу аша чапкандык болот.

"Калпты аныктоочу детектор бул кадимки эле аппарат. Ал адамдын калп айтканын аныктайт деген туура эмес. Бул аша чапкандык. Детектор адам канчалык деңгээлде берилген суроого реакция кылганын гана аныктайт. Ал калп айтты же чын сүйлөдү дей албайт", — деди Камчыбеков.

Адис аппараттын чыгарган жыйынтыгын калпты аныктоочу адистин корутундусу менен гана салыштырып, эгерде экөө тең дал келсе, ошондо гана бир тараптуу пикир айтса болорун кошумчалады.

Профайлер-верификатор — бул адамдын калпы айтып жатканын аныктоочу адис.

Арсланбек Камчыбеков менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0