Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбекова: дарыгерлер карыларды жашына шылтоолоп жакшы карабайт экен

© Sputnik / Табылды КадырбековУлгайган адамдарга көмөк көрсөтүп келген "ХелпЭйдж Интернешнл" уюмунун директору Айсулуу Камчыбекова маек учурунда
Улгайган адамдарга көмөк көрсөтүп келген ХелпЭйдж Интернешнл уюмунун директору Айсулуу Камчыбекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улгайган адамдарга көмөк көрсөтүп келген "ХелпЭйдж Интернешнл" уюмунун директору Айсулуу Камчыбекова карылардын укугу тепселенип жатканын айтты
Камчыбекова: дарыгерлер карыларды жашына шылтоолоп жакшы карабайт экен

Айрым дарыгерлер карыларды жаш курагына шылтоолоп жакшы карабай жатат. Бул тууралуу "ХелпЭйдж Интернешнл" уюмунун директору Айсулуу Камчыбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карылардын укугун коргоо маселеси көз жаздымда калууда.

"Кыргызстанда карылардын абалы оор десек болот. Айрымдар атайын карылар үйүндө күн кечирсе, калгандары үйлөрүндө кароосуз калышкан. Пенсиясы болсо төмөн. Ал эми ден соолугу начарлап ооруканага кайрылышса, дарыгерлер карылыкка шылтоолоп жакшы карабайт экен. Бул жашына карап дискриминация кылуу да", — деди Камчыбекова.

Адис карыларга карата зомбулук болгон фактылар дагы бар экендигин айтып, учурда аталган окуялар ачыкка чыга баштагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0