Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баялиев: чет элдиктер Манасты тамшанып угушат

Жазылуу
Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев атайын котормочу Манастын маңызын чет элдиктерге түшүндүрүп турарын айтты.
Баялиев: чет элдиктер Манасты тамшанып угушат

Чет элдиктер Манасты тамшанып угушат. Бул тууралуу белгилүү манасчы Замирбек Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Супара Чуңкурчак" жайлоосуна ак өргө көтөрүлүп, ошол жерде ишемби, жекшемби күндөрү келген конокторго Манас айтылууда.

"Чет элдиктер Манасты өтө жакшы угушат. Чоң эпосту манасчынын оозунан уктук деп тамшанып кетип жатышат. Каалоо-тилек, жылуу сөздөрүн айтышууда. Ошонун бардыгы көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган эпоско болгон мамилени көргөзүп жатат" — деди манасчы.

Замирбек Баялиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен толук окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0