Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: ишкерлерге шарт түзүү үчүн лицензиялар беш эсеге азайды

Жазылуу
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев кыскартуулар муну менен чектелбей тургандыгын айтты
Иманалиев: ишкерлерге шарт түзүү үчүн лицензиялар беш эсеге азайды

Ишкерлерге шарт түзүү үчүн лицензиялар беш эсеге азайды. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, лицензияларды азайтуу менен бизнесмендердин иши кыйла жеңилдейт.

"Учурда ишкерликти колдоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Лицензияларды, уруксат кагаздарын кыскартуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилип, 500 лицензиядан 100 лицензияга азайтылды. Тагыраагы, беш эсеге кыскаруу болду. Ушуну менен чектелбей, дагы азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, Жогорку Кеңеште каралууда", — деди Иманалиев.

Ал текшерүүчү органдардын санын да кыскартуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0