Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Наватова: эс алуу багынын ишин жандандыруу эл тарабынан колдоого алынды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын башчысы Айгүл Наватова
Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын башчысы Айгүл Наватова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан паркты оңдоп-түзөөгө 5 миллион сом сарпталган
Наватова: эс алуу багынын ишин жандандыруу эл тарабынан колдоого алынды

Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы эс алуу багынын ишин жандандыруу аракети эл тарабынан кызуу колдоого алынды. Бул тууралуу мэриянын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын башчысы Айгүл Наватова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган эс алуу багы буга чейин жеке ишкерге убактылуу берилгендиктен каралбай, эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн эмес.

"Эс алуу багын оңдоп-түзөөнүн жалпы сметалык баасы 14 миллион сомду түзгөн. Бирок беш миллион сом гана керектелди. Анын бир миллиону жарыктандырууга, ал эми төрт миллиону отургучтарды орнотууга, брусчатка төшөөгө, таштанды үчүн орнотулган урналарга жумшалды", — деди Наватова.

Калаа тургундары эс алуу багын көрктөндүрүп, жашылдандырууга дем алыш күндөрү кол кабыш кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0