Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: Ашхабаддагы Азия оюндарынан көп нерсе үйрөнүп келдик

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев алган тажрыйба Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында колдонуларын айтты.
Султамбаев: Ашхабаддагы Азия оюндарынан көп нерсе үйрөнүп келдик

Кыргызстандык адистер Ашхабаддагы азия оюндарынан көп нерсе үйрөнүштү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз адистери уюштуруучулар менен атайын жолугуп, бир канча кеңештерди алышкан.

"Ашхабадда жабык имараттагы V Азия оюндары жогорку деңгээлде өттү. Уюштуруу жаатындагы жасалган өзгөчөлүктөрдү биздин адистер көрүп, атайын сүрөткө, видеого тартып алышты. Мындан сырткары, уюштуруучулар менен баарлашып, бир канча суроолорго жооп алдык. Буюрса бул өзгөчөлүктөрдү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында колдонсок болот", — деди Султамбаев.

Нурдин Султамбаев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0