Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: Темир жаш болсо да акылман эле

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыров өмүрүн өлкөгө арнагандыгын айтты
Атамбаев: Темир жаш болсо да акылман эле

Темир Жумакадыров жаштыгына карабай акылман болгондугун президент Алмазбек Атамбаев маркум менен коштошуу зыйнатында сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан жол тандабас жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен. 

"Темир Жумакадыров коррупция, күч түзүмдөрүн реформалоо үчүн көп иштерди жасады. Жаш болсо да акылман эле. Мен аны менен кеңешчүмүн. Вице-премьерлик кызматка жөнөтүп жатып, буюрса кийинки президенттердин бири сен болосуң, өкмөттүн иштеп жатканын бир көр дегем", — деди Атамбаев.

Вице-премьер Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0