Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: Темир Жумакадыровдун жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталып калат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыровдун коштошуу зыйнатында
Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыровдун коштошуу зыйнатында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыровдун жасаган иштери үлгү болуп кала берерин айтты
Исаков: Темир Жумакадыровдун жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталып калат

Темир Жумакадыровдун жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө сакталып калат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков маркум менен коштошуу зыйнатында сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан жол тандабас жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен. 

"Темир Жумакадыровдун жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө сакталып, кыска өмүрүндө эл үчүн аткарган иштери кийинки келечекке үлгү болуп кала берет. Биз буга баарыбыз ишенебиз. Жараткан аркы дүйнөдө бейишин берип, ыйманын саламат кылсын", — деди Исаков.

Вице-премьер Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0