Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошбаева: ЭлТРде беш жыл иштегениме ыраазымын

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева
Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдыз Жолдошбаева Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу болуп эмгектенет.
Жолдошбаева: ЭлТРде беш жыл иштегениме ыраазымын

Жолдошбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте журналистикадагы карьералык жолу тууралуу айтып берди.

"Башка студенттердей эле окуу менен жумушту айкалыштырдым. Мен жашаган үйдүн жанында "Азаттык" радиосунун мурдагы кеңсеси жайгашкан эле. Ошол кездеги жетекчиси Султан Жумагулов болчу, мен агай менен сүйлөшүп стажировкага бара баштадым. Ал убакта журналист Жанар Акаев, Али Токтакунов, Элиза Кененбаевалардын жылдызы жанып келе жаткан учур эле. Күндөрдүн биринде тааныштарым ЭлТРге барып көрбөйсүңбү деп калышты. Мен барганда жаңылыктар бөлүмүндө Эрнис Кыязов продюсер экен. ЭлТРде беш жыл иштегенден кийин парламенттин маалымат кызматына жумушка орноштум. Телевиденияга ыраазымын, ал жак куттуу жер" — дейт Жолдошбаева.

Журналист дал ушул ЭлТР каналынын жаңылыктар программасын алып баруу менен коомчулукка таанылган.

Жылдыз Жолдошбаева менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0