Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманкулов: революция эмес, эволюция жолу менен өнүгүшүбүз керек

© Фото / Facebook / Марат ИманкуловБывший первый заместитель председателя ГКНБ Марат Иманкулов
Бывший первый заместитель председателя ГКНБ Марат Иманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкуловдун айтымында, башаламандыктын эч кимге кереги жок
Иманкулов: революция эмес, эволюция жолу менен өнүгүшүбүз керек

Революция эмес, эволюция жолу менен өнүгүү керектигин УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Канат Исаев менен активист Мелис Аспековдор башаламандыкты уюштурууга камылга көргөн делинип кармалган.

"Башаламандык уюштуруу болбогон иш. Мындай жолго баруу такыр туура эмес. Мамлекетти артка тартат. Биз революция жолу менен эмес, эволюция жолу менен кетишибиз керек. 2005, 2010-жылдардагы окуялардан сабак албай жатабыз. Башаламандык мамлекетке да, элге да кереги жок", — деди Иманкулов.

Ал мамлекеттин, элдин келечегин ойлогон адамдар ызы-чуу уюштурууга барбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0