Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эмирканова: көбүнчө кыздарыбыз сексуалдык зомбулукка кабылышат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Айнура Эмирканова маек учурунда
Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Айнура Эмирканова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Айнура Эмирканова азыркыга чейин кыз ала качуу фактылары катталып жатканын айтты

Көбүнчө кыздар сексуалдык зомбулукка кабылышат. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Айнура Эмирканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым үй-бүлөлөрдө кыздарга билим берүү экинчи планга жылып калган.

"Кыргызстанда кыздардын укугу жакшы эле корголуп келет. Бирок бузулган фактылар дагы бар. Көбүнчө кыздарыбыз сексуалдык зомбулукка кабылышат. Мындан сырткары, эрте турмушка чыгуу, ала качуу учурлары азыркыга чейин катталууда", — деди Эмирканова.

Ал бешиктен бели чыга элек балдарды оор жумуштарга тартуу учурлары да көп экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0