Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын 4-5 пайызы эмделбей калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров
Директор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров жаңы төрөлгөн бала сөзсүз эмделиши керектигин айтты
Кадыров: өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын 4-5 пайызы эмделбей калууда

Өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын 4-5 пайызы эмделбей калууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн бала сөзсүз эмделиши керек.

"Эмдөө негизинен бардык балага карата жасалышы керек. Акыркы жылдардагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын 95-96 пайызы эмделет. Ал эми калган 5-4 пайызы эмдөөдөн өтпөй калат. Анын негизги себеби айрым ымыркайларга карата дарыгерлер тарабынан каршы көрсөтмө берилет", — деди Кадыров.

Ал баланын салмагы, иммунитети аз болгон учурда ийне сайылбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0